Спорт

Бээжинде Кышкы Олимпиада оюндары ачылды

4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.

Пандемиялык шартка байланыштуу Олимп оюндарынын иш-чаралары спортчулар менен жергиликтүү тургундар менен карым-катыш кылуусуна чектөө коюлду. Аэропорт, спорт объектилеринде, пресс-борборлор жана олимпиадалык айылдар да тосмолонгон.

Оюнчулар 23-январдан тартып келе баштаган. Андан бери иш-чаранын катышуучуларынын арасында коронавирусту жуктурган 300дөй учур катталды, анын 100 чактысы спортчулар. Эч ким ооруканага жаткырылган эмес.

Таймаштар өтчү аянтчалар 30% гана күйөрмандарга толтурулат. Чет элдик сүрөөнчүлөр киргизилбейт. Кытайдын бийлиги Олимпиада оюндарына ачык билет сатуудан карманган. Билеттер Олимпиаданын демөөрчүлөрүнүн арасында гана бөлүштүрүлгөн.

4-февралда башталган оюндар 20-февралга чейин уланат. Анда спорттун 15 дисциплинасы боюнча 109 комплект медал ойнотулат.

Кытайдагы адам укуктарынын жапырт бузулушуна байланыштуу АКШ, андан кийин башка өлкөлөр Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган. Спортчулар катыша берет, оюнга мамлекеттик аткаминерлер келишкен жок.

Оюнга 20дай өлкөнүн президенттери келди. Алардын арасында Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Египеттин, Польшанын, Сербиянын, Аргентинанын башчылары, Камбоджанын падышасы, Сауд Арабиясынын жана Абу-Дабинин мураскер канзаадалары, Люксембургдун герцогу, Монаконун князы бар.

Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир нече өлкөнүн мамлекет башчылары келишти. Путин оюндун ачылышынын алдында Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Бээжинде сүйлөшүү өткөрдү. Допинг чырына байланыштуу орус спортчулары анда Орусиянын атынан эмес, өлкөнүн Олимпиадалык комитетинин желеги менен чыкты. WADA уюмунун санкциясына байланыштуу аларды сыйлоо аземинде Орусиянын гимни эмес, Пётр Чайковскийдин композициясы жаңырып турат.

Бээжиндеги Кышкы Олимпиада анын тарыхында жалаң жасалма кардын негизинде өткөрүлүп жаткан биринчи оюн болуп калмакчы. Расмий маалыматтарга ылайык, Олимпиада-2022 иш-чарасынын бюджети 4 миллиард долларды түзгөн. Айрым басылмалар жумшалган каражаттын чыныгы көлөмү мындан он эсе көп экенин жазып жатышат.

Булак: Азаттык

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button