Коом

ИИМ: Бишкек шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды

Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бир талапкердин шайлоо штабынын жетекчиси Т.С. жана үгүттөөчүсү Т.Э. депутаттыкка талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүү учурунда шайлоочуларды сатып алуу максатында конуштун тургундарына көмүр таратып жана ар бир добуш үчүн 2000 сомдон бере тургандыгы да аныкталган.
Шайлоо штабынын жетекчиси Т.С. жана үгүттөөчүсү Т.Э. Свердлов РИИБне жеткирилип жана суракка алынган. Жогорудагы жарандардын даректеринде тинтүү иш-чарасы дагы жүргүзүлүп, шайлоочулардын тизмелери толтурулган бланктар жана кимге канча суммада акча берилген тизмелер далил катары алынды. Учурда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү менен (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button