Султан Раев Түрксойдун Генералдык секретары болуп шайланды
Түркиянын Бурса шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин жыйынында Султан Раев бир добуштан түрк дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу уюм Түрксойдун Генералдык секретары болуп шайланды. Бул тууралуу жергилктүү агентикттер жазышты.
Эл аралык белгилүү уюмду тарыхта биринчи жолу кыргыздын белгилүү маданият жана коомдук ишмери Султан Раев жетектейт.
“31-мартта Бурса шаарында өткөн Туруктуу Кеңештин жыйынынын чкчими менен Кыргызстандын белгилүү маданий ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чет элдик жана эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктын ээси Султан Раевдин шайланышы маданий жана эл аралык мамилелер жаатындагы Кыргызстандын чоң жеңиши катары бааланат», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Түрксой эл аралык уюму 1993-жылы түзүлгөн жана анын штаб-квартирасы Анкара шаарында жайгашкан. Бул уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан негизги мүчө. Ал эми Молдавиянын Гагаузия, Россиянын Татарстан, Алтай, Якут, Башкортстан, Хакассия республикалары байкоочу макаммына ээ.