Коом

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды онлайн кабыл алды

2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуусу онлайн режиминде өттү. Жарандарды онлайн кабыл алуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө биринчи жолу Акыйкатчы Инстутуту тарабынан колдонууга киргизилип жатат.

Онлайн кабыл алууда 29 жаран Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта, Кемин, Шопоков шаарларынан, Н. Крупская атындагы айылдан катышты, о.э. Аламүдүн районунун “Панарома” конушунун 40тай тургуну жеринен чогулушуп бирдиктүү онлайн сүйлөшүү болду.

Акыйкатчы А. Абдрахматованын айтымында: “Социалдык аялуу топтор, алыскы аймактарда жашаган жарандар укугун коргоодо борборго чейин келгенге көп учурларда мүмкүнчүлүктөрү чектелгенин, Бишкекке келгенге чейин элибиз убакыт уттуруп, укугун коргоо мөөнөттөрүн өткөрүп жиберип, нааразычылык күчөгөнүн билебиз, о.э. интернет байланышы калкыбыздын чоң бөлүгүнө ээ болгондугун эске алуу менен, элди онлайн кабыл алууну киргизип жатабыз. Адам укуктарынын ишке ашырылышы бардык чөйрөдө ыңгайлуу, жеткиликтүү болуш керек. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер эл менен түздөн түз иштөөнү заманбап мүмкүнчүлүктөрдү колдонушун камсыз кылганга милдеттүү».”
Онлайн кабыл алууда болгон жарандардан арыздары алынып, кээ бирлерине Акыйкатчы өзү жана Омбудсмен Институтунун бөлүм жетекчилери, Чүй областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү укуктук кеп-кеңештерди, түшүндүрмөлөрдү беришти.

Жарандардын кайрылуулары негизинен төмөндөгү суроолор болду:
– жер-укуктук талаштар; тастыктоочу документтери жок, бирок анда 15 жылдан ашык жашаган адамдардын турак жайга менчик укугу;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар;
— «Үй-бүлөгө көмөк» социалдык жөлөкпулдарды ала албагандык;
— Россия Федерациясында иштеп жүргөн жарандардан алимент алуунун тартиби;
— социалдык турак жай алуу тартиби;
— мектеп окуучуларынын коомдук транспортто жеңилдетилген шартта жүрүүсү;
– туруктуу каттоодо жоктугунан мектепке жана бала бакчага кезекке онлайн катталуу мүмкүн эместиги.
Кошумчалай кетсек:
— арыз ээлеринин бири 1-топтогу майып, физикалык өзгөчөлүгүнө жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу пенсияны банк бөлүмдөрүнөн жана банкоматтардан төлөм картасы аркылуу ала албай жатканын билдирди;
— Аламүдүн районунун “Панорама” конушунун тургундары жалпы чогулуш кылып, 40ка жакын адам бирдиктүү онлайн байланышка чыгып, бул конуштун жерлеринин мыйзамдаштыруу процессинин ачык-айкындуулугун, чыныгы тургундарга жерлердин мыйзамдаштыруусуна Акыйкатчынын контролун талап кылышты.

Онлайн кабыл алууга катышкан Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин депутаты Бирюкова Жылдыз Дамировна белгилегендей:
«Акыйкатчынын ушундай онлайн ыкмаларынын аркасында биздин маселелер тез, так жана сапаттуу чечилип жатканы кубандырат. Атыр Абдрахматова бизге, шаардык Кеңештин депутаттарына жана Чүй облусунун жарандарына ушул онлайн жыйынга катышып, учурдагы элдин көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн рахмат.
Азыр заманбап жашоодо ар дайым байланышта болуу абдан керек жана ыңгайлуу. Онлайн жолугушуу аркылуу ар дайым үнүң жетет! Кыргызстандын Акыйкатчысы Абдрахматова Атыр Болотбековнага дагы бир жолу өзүмдүн жана мен атынан сүйлөп, укугун коргоп жаткан жарандардын атынан терең ыраазычылык билдирем! Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы институтуна Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо мындан аркы ийгиликтерди, албетте, мекенибизге гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!».

Кара-Балта шаарынын «Весть» газетасынын башкы редактору Острожнова Елена:
«Бүгүн өлкөнүн Акыйкатчысы менен кызуу диалог болду. Бизге Чүй облусунун тургундарын тынчсыздандырган курч жана актуалдуу суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Жергиликтүү коомчулуктун көйгөйлөрүнө көңүл кош карабаган, жигердүү тургун катары мени Атыр Абдрахматова менен болгон диалог шыктандырды, демек, жер-жерлерде жылдап чечилбей келген көйгөйлөр ордунан жылат деген үмүт бар. Акыйкатчы институту Кыргызстандын ар бир тургунуна өз көйгөйлөрүн айтууга ушундай мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү пландап жатканын угуп сүйүндүм.. Бул карапайым жарандарга карай жасалган чоң кадам. Онлайн кабыл алуу үчүн чоң рахмат”.

Сыйданова Элеонора Москва районунун Беловодское айыл өкмөтүнүн тургуну:
«Акыйкатчы Атыр Абдрахматова уюштурган онлайн кабылдамага Чүй облусунун тургундары биринчи жолу катыша алышты. Биз Акыйкатчы институту айтылган суроолорго жана көйгөйлөргө көңүл бурат жана аларды чечүүгө, албетте, өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана мыйзамдарынын алкагында көмөк көрсөтөт деп терең ишенебиз».

“Үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүү борборунун” директору Эрика Смамбекова (Сокулук району):
“Бүгүн КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын жарандарды онлайн кабыл алуусунда Крупская айыл өкмөтүнө караштуу биздин борбордун өкүлдөрү өздөрүнүн суроолоруна тийиштүү жооп ала алышты. Акыйкатчы Аппараты тарабынан жарандардын мүдөөсүнө чын жүрөктөн кызыккандыктары байкалып, алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн телефон номурларын алып атышты. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аял Акыйкатчы болуп дайындалды. Аял киши көйгөйлөрү кылдаттык менен карайт деп ишенебиз. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнө жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирем.

Мындан ары Акыйкатчынын жарандарды онлайн кабыл алуусу үзгүлтүксүз негизде, ар бир айдын акыркы жума күнү өткөрүлөт.
Мындан сырткары жарандарды Акыйкатчы ар бир шейшемби, бейшемби күндөрү, Омбудсмендин орун басарлары ар бир дүйшөмбү, шаршемби күндөрү жеке кабыл алышат, сааты 10.00-16.00. дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көч., 120.
Кошумча маалыматты 0312-66-32-80, 0312-62-15-90, 0312-62-15-95 жана 0500-88-83-83 (WhatsApp) номурлары аркылуу алса болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button