Коом

Баткенде борбордук мечитте Орозо айт намазы окулду

Бүгүн, 2-майда Баткен шаарындагы борбордук мечитте Орозо айт намазы окулду. Бул тууралуу  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Айт намазга Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Баткен облусунун казысы Нурдин ажы Мамасабиров жана шаар тургундары катышты.
«Миңдеген адамдын катышуусунда өткөн Айт намазда облус башчысынын биринчи орун басары М.Тулаев Орозо айт майрамы менен куттуктап, мамлекетибизге тынчтык, элибизге ыйман жана ынтымак тилеп дуба кылышты.
Ушундай эле айт намазы облустун бардык аймактарында өткөрүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button