Коом

Тез жардам унааларын сатып алууга 169,3 млн сом бөлүндү

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу  министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган чечимге ылайык КР Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169 347 500 (бир жүз алтымыш тогуз миллион үч жүз кырк жети миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүп берсин;

Бул бюджеттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнгөн.

Мындай чечим КР Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button