Жалал-Абадда темирди кайра иштетүүчү заводдогу жарылуудан жабыркагандардын абалы оор
Жалал-Абаддагы темирди кайра иштетүүчү заводдогу жарылуудан жабыркаган үч адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, үч бейтап тең реанимацияда, экөө денесинен 80-90% күйүк алган. Андан тышкары, жабыркаган төрт адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы «Мин-Ксин» темир заводунун аймагында темир эритүүчү меш жарылган.
Оор абалдагы бейтаптардын тизмеси:
— 1993-жылы туулган К.С., аттуу КРнын жараны;
— 1991-жылы туулган Б.А, аттуу КРнын жараны:
— 1996-жылы туулган А.А., аттуу КРнын жараны.
Жеңил күйүк алгандардын тизмеси:
— 2004-жылы туулган Ж.Э., аттуу КРнын жараны;
— 1991-жылы туулган Р.С., аттуу Өзбекстандын жараны;
— 1973-жылы туулган Ш.З., аттуу Кытайдын жараны;
— 1993-жылы туулган Л.Х., аттуу Кытайдын жараны.