Коом

Борбордук Азиядагы Америка университети мурдагыдай атак-даңкка жетпей калды…

Буга чейин эң мыкты деп аталып,   жакшы делген окуу жайы болгон Борбор Азиядагы Америка университети азыр рейтингин жоготуп баратат. Акыркы жылдары бул университет радикалдуу трансформацияга муктаж.

Университет Борбордук Азияда трансформацияларды ишке ашыруу үчүн «демократиянын жаш рудименттерин» өстүрүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Бирок азыр ал ушунчалык чоңойду окшойт, өзү да реформага муктаж.

Бул мекеменин студенттери жана мугалимдери менен болгон чыр-чатактардан улам коомчулук анын ишенимдүүлүгүнөн күмөн санап келет.

Адегенде, экс-президент Эндрю Кучинстин окуясын эске сала кетели, ал биздин өлкөнүн мыйзамдарын кыйгап өтүп, психотроптук дарыларды почта аркылуу ага тиешелүү документтери жок кабыл алган. Анын  айтымында депрессияга кабылган имиш. Бул жерде бир  суроо туулат – депрессияга кабылган, дарыланууга муктаж адам кантип ушундай жогорку кызматка дайындалган? Же Борбор Азияда болочок реформаторлорду даярдоонун башына тең салмаксыз, өз  кылган аракетине жооп бере албаган адамды коюу адатка айланганбы?

Анткени, экс-президенттин туура эмес жүрүм-туруму боюнча жергиликтүү кызматкерлер тарабынан системалуу даттануулар келип, көп учурда мас абалында жүргөнү байкалган. Мына ушулардын бардыгы менен университеттин камкордук кеңеши бул фактыларга көпкө чейин унчукпай келген. Ал эми Э.Кучинс «баңгизатын  колдонгон» абалында турганда, кош бойлуу кызматкерге физикалык күч колдонуп, телефонун талкалап, кыйкырганы ачыкка чыккандан кийин гана, көшөгө артында эмне болуп жатканын баары билди. Айтмакчы, бул кызматкер мындан ары президент тарабынан куугунтукка алынышы мүмкүн болгондуктан, жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Мындан тышкары, Кучинс мырзанын адекваттуу эмес аракеттеринин натыйжасында кош бойлуу келинге кан келип, ооруканага жаткырылган. Ошол эле учурда ал да, анын үй-бүлө мүчөлөрү да келинден кечирим сурашкан эмес.

Бирок анын мындай жүрүм-турумунун фонунда Кучинс мырза университетте башкарып турганда Зусманович анын концерттерине катышуу үчүн студенттерди бир нече жолу үгүттөгөнүн эске сала кетели. Айтмакчы, бул мекемеде батышчыл бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү көп чогулат. Ошол эле учурда президент профессорлор менен студенттердин чогуу спирт ичимдиктерин ичүүсүн уят деп эсептеген эмес. Мындан тышкары, ал профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин ортосундагы бир жыныстуу мамилелердин жалындуу жактоочусу катары коомчулуктун эсинде калды. Анын макулдугу жана колдоосу менен Кыргызстанда гомосексуализмди пропагандалоого тыюу салган мыйзам күчүндө турганына карабастан мугалимдердин тобу билим берүү мекемесинде “ЛГБТ өкүлдөрүнүн” клубун уюштурушкан. Университеттин студенттик сенатынын жетекчиси жана жаңы бүтүрүүчүнүн интимдик видеосу пайда болгондон кийин да Кучинс мырза өз позициясын өзгөртүүсүз бойдон калтырган. Ал ошондой эле университеттин студенттерин, кызматкерлерин жана окутуучуларын бир жыныстуу адамдардын интимдик мамилелеринде биздин аймактын салттуу коомунун негиздерине каршы эч нерсе жок экенине ынандырдырганга аракет  жасаган.

Студенттердин сексуалдык жаңжалдарынан тышкары, университетте профессорлор тарабынан сексуалдык зомбулукка байланыштуу башка чатактар да билинди. Ушундан улам, 2016-жылдагы дагы бир окуяны эске түшөт: профессор Раймонд Жозеф Хоффман студент менен болгон интимдик мамилеси ачыкка чыкканына байланыштуу шашылыш түрдө Кыргызстандан чыгып кеткен. БААУнун ошол кездеги келечектеги президенти Эндрю Вахтель студенттин ата-энесин шантаж кылуу менен жагымсыз чыр-чатакты токтоткон. Бирок, өзү АКШда жүргөн аялы менен расмий түрдө никеге туруп, университеттин кызматкери менен  “башкача, өзгөчө” мамиледе болгон адамдан эмнени күтсө болот?

Жакында бул окуу жайдын мугалими менен болгон дагы бир окуя белгилүү болду. Юрист, БААУнун факультет деканы Стивен Кессел журналистика бөлүмүнүн кызматкери Уша Раджакты бир нече жолу куугунтуктаган. Раджак Кесселдин сексуалдык зомбулукка кабылганын ачык мойнуна алгандан кийин, университеттин администрациясы да, камкорчулар кеңеши да мугалимдин бул адепсиз жоругуна эч кандай реакция кылган эмес. Стивен Кессел учурда Түндүк Мариан Аралдарынын Шериктештигинин Башкы прокурорунун кеңешчиси кызматын ээлейт жана жогорку кызматтан улам жоопкерчиликтен оңой эле качып кете алат.

Азыркы учурда абитуриенттердин ата-энелери балдарын бул мекемеге жиберүүнү ойлонушу керек. Аларга  бул окуу жайда  эмнелер үйрөтүлөт? Ал жерде аларга кандай моралдык жана этикалык нормалар үйрөтүлөт? Университеттин администрациясы карманган кош стандарттар америкалык кызматкерлерге карата гана оң, ал эми башкаларга карата алар мыйзамдарды одоно бузушат. Борбордук Азия университетинин  болочок лидерлерине кандай “демократиялык принциптер” үйрөтүлүп жатканын эми түшүнө алабызбы же жокпу?

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button