Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү биринчи жарым жылдыкта 62 пайызга өсүп, 292 млн долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Түркиядан келген импорт 220 миллион долларды түзүп, 1,5 эсеге өскөн. Кыргызстандын товарларынын экспорту эки эсеге көбөйүп, 72 миллион долларды түздү.

Түркиядан негизинен кийим-кече, кездеме, кара металлдан жасалган буюмдар, бут кийим жана дары-дармектер импорттолот.

Ал эми Кыргызстан Түркиянын рыногуна мунай зат, пахта буласы, жашылча-жемиштерди, коргошун жана жаңгакты жеткирет.