Эл үнү

Кыргыз эли аза күтүп жатат, популист депутат жалган маалымат таратууда

Жалпы өлкө аза күтүүдө. Бирок “кой аксагы менен миң” дегендей эле өлүмдөн саясат жасагандар да жок эмес. Жөнөкөй жарандар го мейли, билбестиктен же миграцияга чыгып көрбөсө айтат тигинтип койбойт беле, мынтип кобойт беле деп. Жөнөкөй эле маалымат ошол орус-казак чегарасындагы кырсыкта каза болгон 16 адамдын экөөсү грузиндер экен.

Башкача айтканда бул бирт депутат сөрөй айтып жаткандай кыргыздарга эле эмес, бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн орус өкмөтү койгон талап. Каттоого туруш үчүн башкалар дагы чекарага барып “чыкты-кирди” кылып атышат. Андайларды саясат жасайм деген “чочколор” албетте көрмөксөн-билмексен да.

Ар бир мамлекеттин өзүнүн эреже талаптары бар да. Бизде деле ошондой. Бул жакта жүргөн казак, орустар канча бир убакыт өткөн сайын 30-60 күнбү чегарага барып “чыкты-кирди” кылышат.

Орус-казак чегарасындагы окуя бул кырсык. Кырсык каш-кабактын ортосунда. Андыктан саясий упай топтойм дегендердин жетегинде кетип аларга жем болбойлу.

Дагы бир жагдай. Азыр кыргыз бийлиги илгерки Акаевдин убагынан бери калыптанып кийинки президенттер активдүү улантып келген “Москваны кылчактап” иш кылбоосу. Өзүңөр байкагандай президент Садыр Жапаров орусубу, кытайыбы же башкасыбы тең ата саясат жүргүзүүдо. Ошол эле ондогон жылдан бери башталбай келген Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолунун курулушу. Бул проектини да мурунку президенттер кремль эмне дейт деп айткандан коркуп турушчу. Тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүүсү балким Москвага жакпай, ал жактагылар кыргыз бийлигине кыр көрсөтүп регистрация сыяктуу талаптарын күчөтүп жатышы да мүмкүн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button