Экс-элчи Азимбек Бекназаров  маалымат булагына азыркы бийликти сындамыш болуп, жеке таарынычын айтып алган экен. Чындыгында Азимбек Бекназаров ким?

Азимбек Бекназаров Аскар Акаевдин убагында Жогорку Кеңешке бир эмес эки жолу депутат болгон, андан кийинки бийликтерде деле депутат болуп, кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөсу, Башкы прокурор кызматын аркалаган.

Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилип кеткенинин чоң саясый ызы-чууга айлантып,  президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн. Анын акыры 2005-жылдагы революцияга айланып президент Акаев Кыргызстандан Орусияга качкан.

Андан кийин деле Азимбек Бекназаров тынчыган жок. Курманбек Бакиевдин кызматынан кетишине да салымын кошкон. Ошондон кийин эле аны “революциянын бульдезору” деп атап калышкан.

2010-жылкы кандуу революциядан кийин  Убактылуу Өкмөттүн көзүрлөрүнүн бири болуп турду. Иши кылып бул саясатчы  Кыргызстанда бийлик бутактарында армансыз эле иштеди. Акыркы кызматы Малайзияда элчи болду.

Тилекке каршы, ушундай кызматтарда жүрүп, Кыргызстан үчун  көрүнүктүү эмне жакшы иштерди жасаганын деле эл билбейт.  Анан калса мындайлар кызматка жетпей калса эле дароо оппозицияга өтө калат да мамлекетке революция, төңкөруш жасоого ашыгышат. Эл ушундай саясатчылардын кылык жоругун жакшы билип калды.

Белгилүү бир маалымат булагына интервью берип  элчилик кызматынан кеткенин жана азыркы бийликке сынтагып, иликтөө жүргүзөөрүн, кыскасы оппозицияга кетерин божураптыр.

Азыр ким кызматтан кетсе эле оппозицияга чыга каччу өнөр таап алганы жашыруун эмес. Бекназаров азыр жаш сүлкулдөгөн жаш куракта эмес, ушунча жыл Кыргызстан үчүн кандай жакшы иштерди жасадым деп өткөн жашоосуна бир саресеп салып, эмне үчун кыргыз эли жакыр жашайт, менин ага салымым жокпу деп  ой калчап койсо жарашмак.

Силердин Кыргызстан үчун жакшы жасаган ишиңер оозунарды басып, элди бузуп жарбай тынч отурганыңар эле болчу.

Силердей ызы-чуу кылгысы келген экстерден эл тажады, бийлик атаңардан калган мурас эмес. Силер көргөн бай, бардар жашоону карапайым бир да кыргыз жараны көрө элек.

Сиздин кандай бизнестериңиз бар, кантип байыдыңыз баарын  тиешелүү органдар иликтеш керек эле.  Малайзияда элчи болуп эки жылдан ашуун отурдуңуз, Кыргызстанга канча инвестиция тарттыңыз, ошол жактагы кыргыз жарандарына кандай жакшы кызматтарды кылдыңыз? Суроо көп, жооп жок.

Эми аксакалдык куракка жетип калганда жаштардан кагуу жебей, акыл насаатынызды айта турган мезгил. Эң негизгиси  элди дүрбөтпөй тынч эле отурунузчу! Чындап сиздей   экстерден эл тажады!

Автор  Садырбек Калдарбаев