Социалдык тармактарда эртең 30-августа митинг болот деген маалыматтар тарап жатат. Так ушул Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн астында калың журттун маанайын бузуп, калк каалабаган, эчак жадап бүткөн митингдин кимге кереги бар? Эл деле колдобойт! Азыр эл балдарды мектепке даярдап, эгин жыйноо менен алек болуп жатканда башаламандыкты жыйнаштырып  жөн эле оокат кылбайсыңарбы?!

Канча жылдан бери тоңуп турган муз ээрип, пенсия айлыктар көтөрүлүп, элдин мүдөөсү тездик менен болбосо да аз-аздап ишке ашып жатат. Башка өлкөлөр ушул биздеги эркиндикти, тынчтыкты эңсеп жашагандар бар. Азыркы башаламандык, митинг уюштургандардын баары көпкөндүк деп билүү керек. Айлананы карагыла кагылайындар, Пакистанда сел жүрүп 1000 киши набыт болду, Африкада эл ачка, ооруу күч алууда, алыс кетпей согуш жүрүп жаткан мамлекеттерди карагыла! Отуруп алып оюндагысын кылгандар, мамлекеттин бүтүндүгүнө, тынчтыгына кол салган чыккынчылар гана азыркы каттаал мезгилде митинг уюштурат!

Андыктан кадырлуу кыргыз элим, бир ууч кара мүртөз, өзүм билем, “менин гана мүдөөм, оюум ишке ашуусу керек” деп өлкөнүн тынтчыгын бузуп, башаламандык уюштуруп жаткан топту ээрчибеңиздер. Буга чейинки өлкө башынан өткөргөн  митингдер көрсөттү, бөөдө кырсык  болуп кетсе, шылуундарга алданып барган жаш жигиттерди жоготуп алабыз. Жаштар аккан суу, бат алданат, арам ойлуу, шылуундар жаштарды жөн эле максатыны  жетүү үчүн колдонот.

Бизге азыр митинг эмес өлкөнү өстүрүү, эртеңки келечекте, тарыхта митинг көп өткөн өлкө ЭМЕС, өнүккөн, дүйнө элин экономикасы, маданияты, туризм менен таң калтыра ала турган өлкө куруу керекпиз!

Манас Нарын шаары