Саясат

Кремль Кадыров отставкага кетиши мүмкүн деген сөздөргө комментарий берди

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун кызматтан кетиши мүмкүн деген билдирүүнү көргөнүн билдирди.

Анын айтымында, азырынча Кремль Кадыровдун өз кызматында калып туруусун колдойт.

«Чындыгында, биз бул билдирүүнү көрдүк, бирок, айталы, эгер мен туура түшүнсөм, бул билдирүү эч кандай ишке ашкан жок. Азырынча биз анын Чечен Республикасын жетектөөнү улантып жаткандыгын көрүүдөбүз», — деди Песков.

3-сентябрда Рамзан Кадыров видеокайрылуу жасап, анда ал  «кууп чыга электе кетүүгө убакыт келди» деп билдирди. Ал өзү кошумчалагандай,  «чексиз жана узак эс алууга татыктуу».

Кадыров буга чейин, 2017-жылдын ноябрында жана 2016-жылдын февраль айында ушундай эле билдирүүлөрдү жасаган.

Рамзан Кадыров 2007-жылдан бери Чеченстанды башкарып келет. Ал акыркы жолу 2021-жылдын сентябрында кайра шайланган, анын мөөнөтү 2026-жылы аяктайт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button