Коом

Япония Кыргызстанга 2,30 млн доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт

Япония өкмөтү КР министрлер кабинетине 2022-жылга Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программаны (JDS) ишке ашыруу үчүн 323 млн иен (2,30 млн доллар) өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтүүнү чечти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн финансы министри Алмаз Бакетаев Япониянын КРдагы элчиси Маэда Шигеки жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки менен алмашуу ноталарына жана JDS долбоору боюнча Гранттык макулдашууга кол койду.

Долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, министрлер кабинетинин кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

«Негизги талапкерлер Кыргызстандын жаш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери. Японияда окуусун аяктагандан кийин КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга чоң салым кошот», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button