Азыр коомчулукта талкуу болуп жаткан Кемпир-Абад  боюнча Фейсбук колдонуучусу Эрик Куба жеке пикирин билдирип, ачуу чындыкты кашкайта айткан видеосу жарыяланды. Ал видеосуна баш сөздү жазып, элдин башын айлантып жаткан айрым саясатчылардын атын атады.

Эрик Кубанын жазганы өзгөртүүсүз берилди:

“Өткөндө эле жаздым эле. 1998-жылдары өзүбүздүн айылдаш кыз Кемпир-Абадка жакын жайгашкан айылга турмушка чыккан. Ошол кыз айтып келген, Кемпир-Абадга жакындай албайт экенсиң, Өзбектин аскерлери күзөттө турат экен деп.  Тээ ошол 90-жылдары, Акаевдин кезинде айткан эле. Ал кезде азыркы ПАТРИОТ болумуш болуп жаткан кээ бир «Түтүнчиктер» төрөлө элек болчу. Эми бүгүн 30 жылдан кийин, Мадумаров «КОКУЙ КЕМПИР АБАД сатылып кетти» деп ушак таратып жатат. Мадумаров прекрасно билет, что Кемпир- Абадка бир да кыргыз тээ мен билген 90-жылдардан бери жакын бара албашын. Мадумаров менен тең жаштагы муундагы улуу адамдар да тээ союз кезинде, Усубалиевдин тушунда эле эле келишим түзүлгөнүн, ал келишимдин негизинде бир канча жер алынбай калганын, келишим толук ишке ашпай калганын ПРЕКРАСНО билет. Билип туруп, жаш балдарды ТУКУРУП, ушак таратып жатканы, бул КУЙСУПУРЛУК эмей эмне?» — деп жазды Эрик Куба мырза.

Азыркы болуп жаткан окуялар, чек ара тактоо, жерлердин берилип кетүүсүнүн тарыхына терең кайрылып көрсөк, түздөн-түз азыр кокуй жерди сатты Кемпир -Абад кетти деп күпүлдөп жаткан Мадумаровго барып такалат. Себеби Мадумаров Каркыраны, Токмоктогу жерди, Баткенди чырмалган чечилгис окуяга туш кылды. Кемпир -Абад боюнча айта турган болсок, бул жер тээ 70 жыл илгери политбюронун чечими менен Усубалиевдин тушунда кабыл алынган чечим болуп жатпайбы. Ташиев азыр ошол жылдары бизге компенсация катары берилбей калган 300 гектар жерди алып жатат. Адахан Мадумаров ушундай чалманын баарын чалып, «бизден кийин акылдуу муун келсе чечип алат» деп өз күнөөсүн жаап жашыруу үчүн Кемпир-Абад кетти деп кур кыйкырып жасап саясий упай топтоодо. Элдин башын айлантпай тарыхты ачып карап, туура маалымат алгыла.