Эл үнү

Канатбек Азиз: «Кыска дипломатиянын заманы бүттү»

Кыргызстандын президенти Санкт-Петербургга КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине баруудан баш тартты. Баш тартуунун дипломатиялык себеби — иш графиги бош эмес. Мындай пикирин социалдык тармактагы баракчасына Кантбек Азиз жазды.

«Бирок, муну жакында Тажикстандын аймагыбызга басып киргенден кийин Садыр Жапаров иш-чарага катыша албай калды деп божомолдоонун өзү туура эмес.

Владимир Путин Эмомали Рахмонду «3-даражадагы Ата Мекенге кызмат өтөгөн ордени» менен сыйлаары пландалууда. Ал жерде баарыбир Рахмондун ден-соолугу учун тост айтылып, жакында болгон юбилейи менен куттуктайт.

Чыр-чатакка байланыштуу Кыргызстандын позициясын мамлекет башчыбыз БУУнун трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө ачык айтты. Садыр Жапаров баарын өзүнүн аты менен атаган жана бардык акценттерди койгон. Ошондон кийин Рахмон менен бир дасторконго олтуруп алып баарлашуу кызыктай көрүнүш болмок.

Кыска дипломатиянын заманы бүттү. Эми катаал кызыл сызыктарды сызып, улуттук кызыкчылыкты коргоо кыргыз саясатында жаңы тенденция жана буга ар бир адам көнүшү керек», — деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button