Мындай пикирин Фейсбук колдонуучусу Куба Тажибаев жазды. Анын пикиринде азыр Президентти колдоп жана күчтүү мамлекетке айланышыбыз керек.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу чечими, мамлекеттин келечеги үчүн пайдалуу. Экономикалык жана стратегиялык тупиктен чыгабыз. Жүк ташыган вагондор соода-сатык өнүккөн Кытай менен Европага байланыш Кыргызстан аркылуу өтөт. Бир убактагы улуу Жибек-Жолу кайтып келет. Бул албетте Кыргызстандын экономикалык көз карандысыздыктан чыгуусун каалабаган айрым «партнерлорго» жакпайт. Ошол себептүү алар сырткы күчтөрдү тукуруп, ички чыккынчыларды каржылап алып интрига уюштуруп жатат. Алар Кыргызстанда кайрадан баш аламандык болуп кетсе, темир жол курулбай калса, Кыргызстан кайра эле кулдук саясаттан башы чыкпай, көзүбүздү тиктеп жалдырап отурса, а бизге айткан сөздөн чыкпаган эрки жок, хоп деп турган президент болсо деп ойлошот.

Ошондуктан, азыркы болуп жаткан тажик агрессиясы, ички душмандардын күчөп, бийликке сын айтып, ичтен алсыраталы деген аракетинин барынын артында бир эле «кожоюн» турат.

Карапайым эл, бизге көз карандысыз, өнүккөн мамлекет керек. Азыр сайрап жаткан Мадумаров, Атамбаевдин табакташтары, «америкачылмын» деп, бирок океңдердин оюнун ойноп жаткан Равшан Жээнбеков дагы Азыр куурчактар. Кыргызстанда тынчтыкты бузуу, баш аламандык чыгаруу миссиясы жүктөлгөн бузукулар. Буларга ишенбегиле.

Азыр 01ди колдоп жана күчтүү мамлекетке айланышыбыз керек!

Өнүгүүнү көрбөй жаткандар, көзүнөр көр болуп калбасын!

— Президент бүт жоопкерчиликти өзүнө алды. Мурда Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт бири бирине түртө салышчу. Баш аламан болчу.

— Кумтөрдү сөзүнө туруп алды. Мурда «Центерра голд» жылына 5-6 миллиард сом берсе, азыр 50 миллиард сом киреше түшүп жатат.

— Мамлекеттин бюджетинин эсебинен современный аскердик техникалар алынды. Анын ичинде «Байрактар». Булар алынбаса кечээ тажиктер Баткенди басып алмак.

— Айлык, пенсия көбөйдү. Чек араны кайтарган сержант Мурда 16000 сом алса, мындан ары 76 000 сом айлык алат.

— МЧСке европалык маркадагы вертолеттор алынды. Мурдагыдай «гум жардам» деп жүрбөгөн техникаларды, мусорлорду топтогон жок.

— Бюджетти 285 млрд сом менен алып, 420 миллиард сомго чыгарды.

Тышкы саясатта эркин позициясын көрсөттү. Санап отурса абдан көп өзгөрүүлөр болду. Болгону 2 жылда!

Коррупция, уюшкан кылмыш дүйнөсүн башын жанчыды.

Тартип орноду, бюрократия жоголду. Эми жакшы иштеп жаткан президентти баягы эле бузукулар сындап жатат. Алар кимдер, сырткы колдоого таянып, өздөрүнүн арам оюн ишке ашырууга жан үрөп жаткандар.

Туугандар, акмак болбойлу. Президентти колдоп, дем берип темир жол сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыралы. Мамлекет ошондо дүркүрөп өнүгөт»  — деген ал.