Саясат

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

 Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.

Анын сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда.

Мындан тышкары, алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button