Коом

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бүгүн, 31-октябрда саат 08:00гө карата Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, башка транспорт каражаттарына чектөөлөр киргизилген жок.

Мындан сырткары, министрлик жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button