Спорт

Кыргызстанда алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкек шаарында 11-13-ноябрь күндөрү алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Дүйнө чемпионатына 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков келет.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун- 4000 доллар;

2-орун- 3000 доллар;

3-орун- 2000 доллар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button