Спорт

Байге фонду 231 миң доллар. Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин Бишкек шаарында алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ага ылайык, дүйнөлүк таймашта мелдештер мырзалар арасында да, кыз-келиндер арасында да болот.

«Дүйнө чемпионатына 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ага Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков келет», — деди министрликтен.

Чемпионаттын алкагында беттештер төмөнкү салмак категорияларда өтөт:

Эркектер арасында: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун үчүн 4 миң доллар;

2-орун үчүн 3 миң доллар;

3-орун үчүн 2 миң доллар (ар бирине) сыйлык берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button