Коом

Жанар Акаев: «Лейлектин тургундары чатырда жашап жатышат»

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 16-ноябрдагы жыйынында Баткен облусундагы талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери жай жүрүп жатканын сындашты.

Жанарбек Акаев өткөн аптада Лейлек районуна барып келгенин, тургундар өздөрү тиккен чатырда же боз үйдө жашап жатышканын айтты. Үйлөрдү курулуш компаниялар салып жатат, өкмөт тарабынан акча бөлүнө электигин тургундар айтышкан.

«Үйлөр эң көр талкаланган Арка 1 айылына болгону үч контейнер үй барыптыр. Дубалы тургузулган үйлөр да бар. Бирок пайдубалы салынган бойдон тургандары да бар. Аны да курулуш компаниялары өз каражатынан салыптыр. Өкмөттөн акча келген жок дешти. Кана биз бөлдүрүп берип жаткан акчанын баары? Суук түштү, бир тыйын ала электер бар экен. Баткендеги окуя болгондо тургундар өздөрү жардам чогултуп отуруп, бири короодогу коюн, бири машинесин сатып, 320 млн сом чогулган. Жок дегенде ошону берип турбайсыңарбы? Туура, ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон берилиптир. Бирок пайдубалы турат, чатыры жабылып, үйүнө кирген киши жок азыр. КТРден көрүп жаткан, «көп акча түшүп жатат, укмуш болуп жатат» деген жашоо жок экен ал жерде, таптакыр башкача» , — деди Жанарбек Акаев.

Депутат Камила Талиева да өткөн жумада Баткен облусуна барганын, Лейлек районунун Арка, Борбордук, Максат айылдарында турак-жайларды куруу иштери кечигип жатканын сындады. Жашоочулар ар кимдин үйүндө күн кечиришүүдө.

«Иш өтө жай, мамлекеттин Баткен облусуна бөлгөн акчасы кайда? 3 млрд сом кана? Бүгүн аткаруучу компаниялар өз акчасына үй куруп жатат. Бул кызылдай чындык. Ошол үчүн өкмөттүн маалыматын угууну талап кылабыз» , — деди Талиева.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 24-ноябрда Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү социалдык-экономикалык абал тууралуу парламентте маалымат берерин кабарлады.

Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 15-ноябрдагы жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Баткен облусунун чек ара аймактарына Тажикстандын агрессиясынан талкаланган 420 үйдүн ичинен 2 үйдүн гана чатыры жабылганын билдирген.

Жалпы 409 үйдө курулуш жүрүп жатканы, 170 үйдүн пайдубалы курулуп бүткөнү, 161 үйдүн дубалы тургузулганы маалымдалган.

Ошол эле учурда Баткенди калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралган. Анын 1 млрд сому бөлүнүп берилген. Ал эми курулуш компанияга бүгүнкү күнгө карата 500 млн берилген.

Бишкек шаарынын мэриясы Баткен облусуна убактылуу жашаганга ыңгайлаштырылып жасалган контейнер үйлөрдү жиберип жаткан. Үйлөр курулуп бүткөнгө чейин убактылуу жашаганга жалпы 50 контейнер жиберилери айтылган.

14-17-сентябрдагы каргашада Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button