Коом

Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн өсүмдүк майын сатып алат? Тизме

Айыл чарба министри өсүмдүк майы эң көп керектелген азык-түлүктөрдүн тизмесинде экендигин, өлкөдө өндүрүлгөн бул азык жалпы керектөөнүн канча пайызын жаба тургандыгын айтты.

Министр белгилегендей, 2021-жылы Кыргызстан өзүн бул азык менен 11-12 пайызга камсыздай алган. Ал эми 2022-жылы май өндүрүлүүчү өсүмдүктөр мурдагы жылга салыштырмалуу көбүрөөк айдалып, жалпы керектөөнүн 20-25 пайызын түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылдын январынан октябрына чейинки убакытта Кыргызстан чет өлкөдөн 25,7 миң тонна өсүмдүк майын импорттогон, анын суммасы 38,5 миллион долларды түзгөн.

Суу май Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн ташылган:

Россиядан — 18,5 миң тонна;

Казакстандан — дээрлик 7,2 тонна;

Азербайжандан — 54,2 тонна;

АКШдан — 40 тонна;

Беларустан — 8,6 тонна;

БАЭ — 1,3 тонна;

Өзбекстандан — 0,4 тонна.

Ал эми 2021-жылдын он ай аралыгында Кыргызстанга чет мамлекеттен 31,1 миң тонна өсүмдүк майы ташылган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button