Коом

Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн канча ун жана буудай сатып алары айтылды

Кыргызстан буудайдын басымдуу бөлүгүн Россиядан, калганын Казакстандан сатып алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына анализ жүргүзгөндө белгилүү болду.
Белгилей кетсек, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкө 2021-жылы өзүн-өзү ун азыктары менен 40 пайызга, 2022-жылы 75 пайызга камсыздаганын билдирген.
Статкомдун соңку маалыматы боюнча, өткөн жылдын январь-октябрында Кыргызстанга 45,8 миллион долларга 176,1 миң тонна буудай импорттолгон.
Алынган өлкөлөр:

Россия — дээрлик 171,4 миң тонна дан;

Казакстан — дээрлик 4,8 миң тонна.

Буга чейин дан азыгынын басымдуу бөлүгү Казакстандан импорттолчу, кийин кыргыз тарап баасы арзан болгонуна байланыштуу Россиянын буудайына ыктаган.
Өткөн жылдын 10 айында Кыргызстан 21,9 миң тонна буудай унун сатып алган:

Казакстан — дээрлик 14,8 миң тонна;

Россия — 6,9 миң тоннадан ашык;

АКШ — 159,7 тонна;

Корея — 2,5 тонна;

Беларусь — 1,2 тонна.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button