Коом

Парламент таксисттерди лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин жыйынында “КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоору боюнча ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов маалмат берди. Анын айтымында, ушул мыйзам долбоору КРнын Президентинин “КР жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” 2021-жылдын 7-декабрындагы №548 Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Жогоруда белгиленген Жарлыктын 2-пунктунун бешинчи абзацы менен КРнын Ички иштер министрлигине лицензиялоо функциясын өткөрүү менен жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону киргизүү каралган.

Ушуларга байланыштуу Ички иштер министрлигинде “КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктундагы жана 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 17-пунктундагы “(жеңил таксилерден тышкары)” деген сөздөрдү алып салуу менен өзгөртүү киргизүүү боюнча ушул мыйзамдын долбоору даярдалды.

“Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн сөздөрдү алып салуу, жеңил автомобиль транспорту (такси) менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишмердигине лицензиялоону киргизүүнү камсыздайт”, — деди баяндамачы.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамына ылайык оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү коммерциялык түрдө ташууга тыюу салынганын эске алып, мындай унаалардын ээлери тарабынан нааразычылыктар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60% оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативалык вариантты, мисалы, мамлекеттик субсидияларды, тактап айтканда, лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады. Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, көптөгөн жарандар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга аргасыз болоорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button