Коом

«Вечерний Бишкек» Kaktus.media сайтына 50 миллион сомго доо коюп, сотко берди

«Вечерний Бишкек» басылмасы Kaktus.media сайтын сотко берди. Сотко кайрылууга гезиттин жабылышы тууралуу жазылган маалымат себеп болгону айтылат. Бул тууралуу «Вечерний Бишкек» жазды.

«Публикациянын аталышы чындыкка дал келбейт. «Вечерний Бишкек» гезити жабылган жок жана өз ишин улантып жатат», — деп айтылат «Вечерний Бишкек» гезитинин сайтында.

Басылма соттон моралдык зыян келтиргендиги үчүн Kaktus.media сайтынан 50 миллион сом өлчөмүндөгү компенсация өндүрүп берүүнү сурайт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button