Экономика

Улан Даникеев: «Республикалык бюджеттин кирешеси 23,8 млрд сомго өстү»

Алдын ала эсептөөлөр боюнча үстүбүздөгу жылдын биринчи кварталында республикалык бюджеттин кирешеси 66 млрд 344,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Жалпы киреше боюнча план 5 млн 488,4 миң сомго (9%ке көп) ашык аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин кирешеси 23,8%га, же 12 млрд 761,5 млн сомго көбөйгөн.

Министрдин орун басары өсүш салыктык да, салыктык эмес да кирешелердин көбөйүшү менен камсыз болгон деп түшүндүрдү.

Ошондой эле Даникеевдин айтымында, мамлекеттик инвестицияларды эске алуу менен расмий трансферттердин түшүүсү 1 млрд 561,7 млн сомду түздү. 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 600,8 млн сомго азайган.

Мында отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 68 млрд 349,8 млн сомду түзүп, өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 19 млрд 262,4 млн сомго көп болду. Чыгаша бөлүгүнүн көбөйүшү бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын, ошондой эле пенсияларды, жөлөкпулдарды жана чыгашалардын башка социалдык маанилүү статьяларын аларды көбөйтүүдөн кийин төлөөнүн эсебинен шартталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button