Улуттук банк коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды

 Улуттук банк 24-апрелден тарта “Тай туяк” жана “Сомго 30 жыл” аталышындагы коллекциялык монеталар жүгүртүүгө чыгарылганын билдирди.

“Тай туяк” коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү:

Номиналы — 500 сом;

Металлы (сапат белгиси) — Ag 925;

Салмагы — 500 грамм;

Сатуу баасы – 93 300 сом.

“Сомго 30 жыл” коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү:

Номиналы — 10 сом;

Металлы (сапат белгиси) — Ag 925;

Салмагы — 28.28 грамм;

Сатуу баасы – 4 110 сом.

“Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ”, — деп айтылат маалыматта.

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында, ошондой эле numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу иш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин сатылат