Коом
5-июнга карата аба ырайы
Бүгүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көлдө +20…+25, ал эми Нарында +18…+23 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +33…+35, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска жетет.