Экономика

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

2023-жылдын майында Беларусь Республикасын жана Арменияны кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстандагы баалардын өсүшү (0,9 пайызга) азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (2,3 пайызга) өсүшү менен шартталды.

2023-жылдын майында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (4,8 пайыз) Казакстанда катталды, мында азык-түлүктөрдүн баалары эң көп (5,6 пайызга) өскөн. Ошол эле убакта азык-түлүк эмес товарлардын (4,9 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын бааларынын максималдуу өсүшү (5,2 пайызга) Кыргызстанда катталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button