Экономика

Жыл башынан бери 14,5 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү

2023-жылдын башынан бери 14,5 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башынан бери сатып алуучу уюмдар мамлекеттик сатып алуулар порталында жалпы суммасы 15,5 млрд сомго 101 675 товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алууну жарыялашкан.

Анын ичинен 99 миң 330 сатып алуу ийгиликтүү аяктап, 14,5 млрд сомду түздү: 9,1 млрд сомдук товарлар, 4,2 млрд сомдук жумуштар, 1,1 млрд сомдук кызмат көрсөтүүлөр жана 0,09 млрд сомдук консултациялык кызмат көрсөтүүлөр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button