Экономика

Кыргызстан 4 айда өткөн жылга салыштырмалуу 5 эсе көп алтын сатты

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында жалпы суммасы 87,9 миллион долларлык 1 тонна 411,2 килограмм алтын экспорттогонун Улуттук статистика комитети кабарлады.

Сатып алуучулар:

Швейцария — 1 тонна 243,3 килограмм;

Гонконг — 167,9 килограмм.

Бул көлөмдүн 589 килограммы апрель айында Швейцарияга сатылган.
Белгилей кетсек, өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында өлкө 27,7 килограмм, ал эми 2022-жыл ичинде 290,5 килограмм алтын экспорттогон.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына анализ жасоодо бул жылдын алгачкы айында алтын сатылбаганын көрүүгө болот. Бирок Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу бир эле айда, мартта 2,8 эсе көп алтын экспорттогон. Былтыр алтындын аз сатылганына бийликтин баалуу металлды күтүлбөгөн жагдайларда колдонобуз деп топтогону себеп болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button