Экономика

Кыргызстан Индиядан 200 млн. доллар кредит алары күтүлүүдө

Кыргызстан Индиянын Экспорттук-импорттук банкынан 200 миллион доллар кредит алары күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясы Нью-Дели шаарына барып аталган банктын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүшкөн.

«Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, кыргыз жана индия өкмөттөрүнүн ортосундагы долбоорлор талкууланды. Анын ичинде Индиянын Экспорттук-импорттук банкынан 200 миллион доллар өлчөмүндө күтүлүп жаткан кредиттик линия жана тез таасир берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык жардам боюнча пикир алмашуу болду», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, инвестиция, медицина жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууга, соода-экономикалык багыттагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.

Өз кезегинде Индия тарап эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button