Экономика

Республикалык бюджетке 38 млрд. сомго көп киреше түштү

 Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 160,2 миллиард сомду түзүп, коюлган пландан 12,3 миллиард сомго көп түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бюджеттик киреше 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 38,2 миллиард сомго көбөйгөн.

Каражат каяктан чогулду:

-Салыктык киреше — 69,5 миллиард сом;

-Бажы төлөмдөрү — 48,8 миллиард сом;

-Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) — 35,3 миллиард сом;

-Расмий трансферттер — 6,5 миллиард сом.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button