Коом

Бишкектин жалпы имамдары Палестинада курман болгондорго дуба кылды

Бүгүн, 20-октябрь күнү Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде ордо калаадагы жалпы имамдарга чукул жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Шакир ажы Маматов баштаган казыят жамааты, баш имам-хатибдер, укук коргоо кызматкерлери жана борбордогу жалпы 74 мечиттин имамы катышты.

Жыйын башында Палестинада курман болгон мусулман бир туугандарга Куран окулуп дуба кылынды. Андан соң бир катар орчундуу маселелер каралып, тапшырмалар берилди. Алсак:

— Экстремизм жана терроризмден алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар;

— Палестинада болуп жаткан окуялар жана курман болгондорго дуба кылуу;

— Мекемелер аралык иш тобунун мечиттерди текшерүүлөрүнө даяр болуу.

«Урматтуу кесиптештер, Палестинадагы болуп жаткан окуяларды баарыбыз көрүп жатабыз. Курман болгондорду көрүп, кабыргабыз кайышып турган учуру. «Мусулмандын куралы — дуба» дегендей, учурда биздин эң жакшы жардамыбыз дуба кылуу. Бирок дуба кылууда коомдук жайда элди топтоо, бакырып-өкүрүү эмес, а балким тынчтыкка үндөө жана саясатташтыруудан оолак болуу. Ушул боюнча жума баяндарында түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. Себеби мындай окуялардан пайдалынып, айрым экстремисттик-саясий уюмдар туура эмес пикирлерди, чакырууларды жайылтып ийиши ыктымал», — деди Шакир ажы Маматов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button