Коом
21-октябрга карата аба ырайы
Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18…+23, Таласта +17…+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көлдө +16…+21 жана Нарында +15…+20 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +20…+22 жана Ош шаарында +23…+25 градусту көрсөтөт.