Кылмыш-кырсык

УКМК: Диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткандыгы боюнча К.С. аттуу жаран кармалды

Экстремисттик аракеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткандыгы үчүн УКМК тарабынан К.С. аттуу жаран кармалды.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча К.С. өзүн көз карандысыз укук коргоочу (юридикалык билими жок) катары көрсөтүп, анын пикиринде “кысымга учураган” динчилдердин, блоггер катары активдүү болуп, социалдык тармактардагы (YouTube, Telegram, Instagram) каналдары аркылуу ал экстремисттик аракеттерди актоого жана мамлекеттик органдардын беделин түшүрүүгө багытталган материалдарды үзгүлтүксүз жарыялап турган.

Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу улуттар аралык кастыкты козуткан, диний кастыкты козутуучу жана согушту үгүттөө белгилери бар материалдарды тарата баштаган.

Кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренесинде каралган козголгон кылмыштын негизинде, К.С. кармалып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button