КеңешКоом

Капчыктагы акчаңызды көз көрсөтө эсептебеңиз! Чөнтөкчүдөн кантип коргонуу керек?

Ар бир адам чөнтөк уурулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн, анткени кылмыштын бул түрү күтүлбөгөн жерден орун алат. Чөнтөк уурулуктун көбүнчөсү коомдук транспортто, соода жана базар комплекстеринде, эл көп чогулган жерлерде болот.

Көпчүлүк учурларда уурулукка – буюмдардын ээлеринин этиятсыздыгы себеп болот. Ошондуктан, Ички иштер министрлиги чөнтөкчүлөрдөн кантип коргонуу керектигин эске салат. Жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, чөнтөк уурулукту болтурбоо өзгөчө маанилүү, анткени кылмышты алдын алуу кыйла жеңилирээк:

— ⁠эл көп топтолгон транспортто, дүкөндөрдө же башка коомдук жайларда буюмдарыӊыздарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуздар;
— капчыктарыӊыздар кийимиӊиздерден ачык көрүнбөсүнө көңүл буруңуз, анткени бул жагдай чөнтөк уурулардын көңүлүн өзүнө бурарын эсиӊиздерден чыгарбаӊыздар;
— уюлдук телефонду бейтааныш, же болбосо чочун адамдарга бербеңиз;
— коомдук транспорттордо, же болбосо эл көп топтолгон башка жайларда уюлдук телефонду курга илүүнүн, же аны атайын жипке байлап, мойнуңуздарга байлап коюнун кажети жок. Кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салып коюӊуздар.
— көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдун үстүндө, отургучта жана кийим чечинген бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз;
— төш чөнтөк капчыктарды колдонуңуз — бул сактоонун эң ишенимдүү ыкмасы, анткени мындай учурларда чөнтөкчүлөр байкатбай уурдай алышпайт;
— сумкаңыздын сыдырмасынын бекитилгендигин текшерип, эл көп жүргөн жерде сумкаңызды бекем кармаңыз;
— эч качан акча каражат салынуучу капчыкты соода арабасына салбаңыз;
— сизге артыныздан, же болбосо капталыӊыздан жакындап турууга аракет кылып жаткан адамдарга ар дайым көңүл буруп туруңуз;
— үйдөн чыгып жаткан мезгилде, капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин эсептеп чыгыңыз. Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;
— капчыктын ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.

Ички иштер министрлиги уурулардын колунан жабыр тарткандарды, же болбосо кылмышка күбө болгондорду дароо 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button