Спорт

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Ага ылайык, мелдеш 28-29-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулмакчы.

Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Нидерланд жана Афганстан өлкөлөрүнөн 120дан ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Байге фонду 1 000 000 сомду түзөрү кошумчаланды.

Эркектер классикалык жана эркин стиль боюнча 60, 70, 80, 90, 100, +100 килограмм салмакта, кыз-келиндер эркин стиль боюнча 55, 60, 65, 70, 75, +75 килограм салмакта күч сынашмакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button