Коом

Төрага Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Монголияга жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 23-апрелде расмий сапар менен Монголияга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушуусу пландалган.

Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары», ошондой эле «Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу» аталашындагы эл аралык конференцияларга катышат.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева, Мейкинбек Абдалиев, Чингиз Айдарбеков, Эрулан Кокулов, Алишер Козуев, Чыңгыз Ажибаев, Нурбек Алимбеков коштоп жүрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button