Коом

УКМК: Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды.
Тактап айтканда, Талас районунун капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызматкерлери «МПМК-Талас» курулуш подряддык ишканасынын жетекчилери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Талас облусунун Манас районунун ичүүчү суу түтүктөрүн реабилитациялоо боюнча аткарылган иштердин баасын кымбаттатып жиберишкен.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин подряддык компания менен кылмыштуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында долбоорго ылайык иштер аткарылган эмес, аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 5 млн. 212 миң 552 сом зыян келтирилген.
Учурда бул мыйзамсыз аракетке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button