Кылмыш-кырсык

Сузактагы унаа сүзгөн балдардын үчөөнүн абалы оор. Кырсыктын чоо-жайы айтылды

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Сузак районундагы кичи жүк ташуучу унаа балдарды сүзүп кеткен окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, окуучулар республикалык сынактын алкагында тоодо «Манас» эпосун аткаруусу керек болчу, бул учурда ыраакта токтоп турган Hyundai Porter унаасы белгисиз себептен жүрүп кетип, боз үйдү сүзгөн.

Кырсык болгон учурда унаада айдоочу болгон эмес, балдарды сүзүү атайын кылынбаган кырсык катары бааланат.

Ведомстводон азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жүк ташуучу чакан унаа 29 баланы сүзүп кеткенин, анын ичинен үчөөнүн абалы оор экенин кабарлаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button