КеңешКоом

Травматолог адамдар өздөрү байкабай жүргөн оору тууралуу түшүндүрдү

Адам симметриялык түзүлүштө деген түшүнүк калыптанганы менен көпчүлүктүн бир буту экинчисинен бир аз кыска. Бул тууралуу травматолог-ортопед Антонина Завадская Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берген.
Адис буттардын айырмачылыгына көп себептер болушу мүмкүн экенин белгилеп, анын абсолюттук жана салыштырмалуу деген эки түрүн атаган.
«Абсолюттук кыскалык, бир буттун экинчисине караганда узунураак болгону. Бул тубаса өсүүдөгү аномалия же ар кандай жаракаттардын таасиринен болушу мүмкүн. Мындан тышкары, тизе, жамбаш сөөктөрдөгү муундардын сезгенүүлөрү да ушул жагдайга кептейт», – деген Завадская.
Ал эми салыштырмалуу кыска деген түрүндө жалпы буттун узундугунда айырма жок болот, бирок айрым сөөктөрдүн туура эмес жайгашуусунан анын бири көтөрүлүп калышы мүмкүн.
«Мындай көрүнүшкө көбүнчө омуртканын бир тарапка кыйшайып кетүүсү, сколиоз себеп болот. Омуртка кыйшайган соң бир жак далы да көтөрүлүп калат, ага улай жамбаш сөөк көтөрүлүп, анын артынан бут да бир аз көтөрүлө баштайт», – деп түшүндүргөн адис.
Дарыгер чоң адамдар үчүн 1-1,5 сантиметрге чейинки айырмачылык болсо ал сырттан байкалбай турганын белгилеген. Бирок мындай абал менен жүрө берүү башка түрдүү ооруларды пайда кылышы мүмкүндүгүн эскерткен.
«Он кишинин сегизинде бир буту экинчисинен 0,5 сантиметр кыска, бирок өздөрү муну билбейт, тагыраагы, байкала бербейт. Бирок бул 1,5 сантиметрден өтсө бир жагына аксап басып калат», – деген Завадская ассиметриянын биринчи белгилеринде эле дарыгерге кайрылуу зарылдыгына токтолгон. Айтымында, медицина кызматкерлери мунун себебин аныктап, көйгөйдү жөнгө салууга жардам беришет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button