Коом

Жаан-чачындан улам мамлекеттик ирригацияга 13 млн. сомдук зыян болду

Ушул жылдын апрель, май айларында жаан-чачындын көп болушунан улам сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроого учурады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Билдирмеге ылайык, жалпысынан республика боюнча ирригациялык 33 объект бузулган. Бул абал мамлекеттик ирригация системасына 13,6 миллион сомдук зыян алып келген.
«Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөр кыйроого учураган объектилерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Сугат суу берүү жандандырылып жатат», — дешти министрликтен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button