Коом

100 жашка чукулдаган Кудайберген Чороев милиция кызматкерлерине батасын берди

21-май күнү Талас ОИИБдин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземинде өлкө башчы Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков орун басарлары жана облустардын, кызматтардын башчылары менен катышышты. Көптөгөн кадырлуу коноктор арасында облустагы ИИОнун ардактуу ардагери, Ата Мекендик согушта тылдын катышуучусу, милициянын отставкадагы майору Кудайберген Чороев дагы сөз сүйлөдү. Жашы 100гө чукулдап калган карыя өмүрүнүн дээрлик жашын милицияга арнаганын, кыйын күндөрдү башынан өткөргөнүн айтып берди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда заманбап техникалар менен иштөө кыйла жеңил болуп жаткандыгын айтты. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө тынчтык менен коомдук коопсуздук өзгөчө маанилүү роль ойноорун жана ал милициянын түмөн түйшүгү аркылуу келээрин баса белгилеп өттү. Милициянын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу менен кызматкерлердин мыкты иштешине шарт түзүп берилип жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи. Жаңы ачылган имаратка ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентине, ички иштер министрине жана кызматкерлерге колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. «Жаркыраган имаратта санариптешкен техникалар менен иштеп, элге ак кызмат өтөгүлө жана ошону менен катар элдин мүдөөсүн аткарып, жай турмушка кадам шилтей бергиле», — деп ал каалоо-тилектерин айтты.
Кудайберген Чороев: «ички иштер органдары тууралуу кимдир-бирөөлөр ыгы жок сын-пикир, жаман сөз айтса урушканга чейин барам. Себеби, канчалык оор жана түйшүктүү экенин ичинен жакшы билем. Жаңылыктардан Өкмөт башчылары ИИМдин иштегенин мыкты деп баалаган учурларда кубанып, ушул иштен кайтпагыла деп тура калып өзүмчө батамды бердим. Ушундай чоң ийгиликтер болгондо кудуңдап сүйүнөм. Бул мага чоң күч жана дем берет. Азыр силерге абдан сонун заман келди. Баарыңар жаркыраган кабинеттерде иштеп атасыңар, алдыңарда машиналар бар, шарттар сонун. Канча деген техникалар берилип, тамдар салынып берилип жатат. Ушуга топук кылып, кадырын билип, элдин ишеничти актагыла. Биз убагында жөө жалаң жүрүп, кичинекей тамдарда жашап иштечүбүз», — деди. Элдин ишенчин актап мыкты иштеңиздер деп кызматкерлерге батасын берди 100 жашка чукулдап калган Кудайберген Чороев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button