Коом

Жерлерди өз билемдик менен басып алгандар аныкталууда

Жыл башынан бери Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы жерлерди өз билемдик менен басып алуу боюнча ички иштер башкармалыктарына – 26, мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыктарына — 3 материал өткөрүп берди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

Белгиленгендей, 4 объект өздөрүнө тиешелүү жер аянттарынан чыгып кеткендиги аныкталып, эскертүү берилип, аталган жер аянттары өз калыбына келтирилген.

“Мындан сырткары, 25 объектиге жазма буйрук, эскертүү берилди. Ошондой эле комиссия менен иш алып барууда 102 жаранга кагаз жүзүндө эскертүүлөр берилген. Берилген эскертүүлөрдүн натыйжасында 102 жаран кеңейтип алган жерлеринен өз чектерине жылдырылды”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button