Коом

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы узартылбайт

Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсия курагын көтөрүү планы жок. Бул тууралуу Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы мурдагыдай эле – аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш.

Белгиленгендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, акыркы 15 жылда адамдын өмүрүнүн узактыгы 4 жылга узарган.

“Эгерде 2002-жылды алсак, Кыргызстанда 80 жаштан ашкан 2500 адам жашаса, азыр алардын саны көбөйүп, 60 миңден ашты”, — деди Алиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button