Коом

Акылбек Жапаров: Мамлекет экономикада жетектөөчү күчтүн ролун өзүнүн колуна алды

Финтех жана туруктуу өнүгүү: Каржынын келечеги” аттуу Бишкек эл аралык каржы форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына киргенин, жаңы ишканалар гана ачылбастан, бүтүндөй жаңы тармактар жана багыттар ачылып, тышкы соода жүгүртүү өсүп жатканын белгиледи.

“Кечээ жакында эле банк секторунда Moody’s рейтинг агенттиги өкмөттүн кредиттик рейтинги боюнча көз карашын өзгөртүп жаңыланган баа бергени бизди кубандырды. Кыргызстанда терс көрсөткүчтөр туруктуу. Эми биз сиздер менен чогуу В3 тепкичке чыгышыбыз керек. Жылдын аягына чейин биз В2 алабыз деп үмүттөнөм, бирок бул үчүн баарыбыз өлкөбүздүн маалымдуулугун жана рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу үчүн интенсивдүү иштешибиз керек”, — деди ал.

Акылбек Жапаров 2019-жылга салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 2 эсеге өсүп, 2023-жылы 1 триллион 228 миллиардга жеткенин кошумчалады. ИДПнын өсүү темпи 3 жыл ичинде орточо 7%дан кем эмес. Банктын капитализациясы 2019-жылдагы 42 миллиарддан жылдын акырына карата 104 миллиардга чейин өстү, ал эми таза киреше 2,9 миллиарддан 24 миллиард сомго чейин өстү. Кредиттик портфел да эки эсеге көбөйүп, 257 миллиард сомго жеткенин билдирди.

“Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча биз кирешеси төмөн өлкөлөрдүн категориясынан чыктык. Биздин жан башына номиналдуу ИДП бүгүнкү күндө 2 миң АКШ долларын түзөт, ал эми паритет боюнча 6,5 миң доллардын тегерегинде. Биздин алдыбызда чоң иштер турат. Биздин өлкө адамдык капиталга да, жаратылыш ресурстарына да бай. Биз негизги транспорттук жана геологиялык түйүндөрдүн кесилишинде жайгашканбыз. Бизде эң сонун климаттык шарттар бар. Мамлекет экономикада жетектөөчү күчтүн ролун өзүнө алды” — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөгө экономиканын бардык тармактарына ири инвестицияларды тартуу максатында министрлер кабинети биздин алдыцкы корпорацияларды эл аралык биржаларга чыгарууга активдүү даярдык көрүүгө киришкендигин белгиледи. IPO процессинде улуттук Кыргыз фондулук биржасы да чоң роль ойнойт.

“Биз банк секторубузга чоң ишеним артабыз. 2050-жылга карата адегенде 30 миллиарддык төмөн орбитага, андан кийин 200 миллиарддык стратосферага алып чыгууга тийиш болгон экономикалык өсүш темпине жетүү үчүн бизде жогорку деңгээлде өнүккөн, ийкемдүү жана акылдуу финансылык жана банктык сектор болушу керек экенин билебиз. Биз эл аралык капитал рыногун жаңыдан изилдей баштадык жана кызыгуу бар экенин айткым келет. Бирок биз чогуу активдүү иштешибиз керек”, — деди ал.

Акылбек Жапаров ата мекендик банктар үчүн корреспонденттик эсептердин тармагын кеңейтүү боюнча жасалып жаткан иштерге токтолду.

Ал банк секторунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү болгон бир катар маселелерди белгиледи. Бул маселелердин арасында которуулар боюнча банктык комиссияныкыскартуу бар. МинКаб Төрагасынын айтымында, банктар аралык которуулар үчүн комиссиялык жыйымдарды алууну мыйзамдык жактан жөнгө салуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө жана кабыл алуу мезгили келди.

“Экинчиден, банктар банкоматтарды орнотууга ири көлөмдөгү ресурстарды коротууну токтото турган мезгил келди. Бул сиздерден өтө көп ресурстарды жана убакытты алат. Биз бардык коммерциялык банктар биригип, бирдиктүү банкомат структурасын түзүүнү сунуштайбыз. Бул да эл аралык тажрыйба экенин жакшы билесиздер. Биз сиздерден жеке сунуштарыңызды күтөбүз. Эгер сунуш андай болбосо, анда биз нормативдик документтерге да өзгөртүү киргизүүгө даярбыз”, — деди ал.

Мындан тышкары, ал белгилеген Улуттук банк, ошондой эле коммерциялык банктар тарабынан эсептик ченди төмөндөтүү чендерин тездетүүнүн маанилүүлүгү, мамлекет “улуттук” статусуна ээ болгон долбоорлорго мамлекеттик кепилдиктерди берүү практикасын кеңейтерин кошумчалады.

Акылбек Жапаров санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүнү жана накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүнү келечектүү багыт деп атад

Санариптик сом концепциясын ишке ашыруу үчүн эки багытта иш жүргүзүлүүдө, ал туура технологиялык чечимди тандоо жана санариптик сомдун укуктук статусун киргизүү боюнча мыйзам актыларын шайкеш келтирүү.

“Биздин өкмөт президенттин жетекчилиги астында элдин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди улантат. Президенттин социалдык мобилизациялоо боюнча Бүткүл республикалык кеңешмедеги негизги баяндамасы менен баарыңыздар таанышып чыгууңуздарды суранам. Дагы бир жолу баса белгилегим келет: биз байлар менен эмес, жакырчылык менен күрөшүп жатабыз. Биз үчүн эч кимди артта калтырбоо абдан маанилүү”, — деп жыйынтыктады МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button