Карантин мезгилинде күндү отуруп же жатып өткөрбөй, дене түзүлүшкө пайда алып келген көнүгүүлөрдү жасап турууну адистер сунушташат.

Көп убакыт үйдөн чыкпай отуруу, стресске алып келет жана жарандардын психологиясына доо кетирет. Ошондуктан эринбей өзүңүзгө ден-соолукка кам көрүү менен төмөндөгү эң жөнөкөй көнүгүүлөрдү сунуштайбыз.

Сыналгы алдында жумшак диванда жайгашкан болсоңуз, жагымдуу кино көрүп жатсаңыз аны улантуу менен ордунуздан туруп көрүнүз , бул денеде кан айланууну жакшыртат. Же болбосо бир орунда туруп марш тебиниз. Терең демалып дем чыгарып медитация кылыңыз.

Эң башкысы туура тамактануу. Курамында кант кошулган суусундуктарды эмес жөнөкөй кайнатылган суу ичиңиз. Онлайн көнүгүүлөрдү масстерлер менен чогуу жасаңыз.

Даярдаган журналист Назгул Кушназарова