Өлкөбүздөгү акыркы окуяларга байланыштуу социалдык тармактын колдонуучулары, блоггерлер кыйын күндөрү мамлекетке, элге жардам берген жарандарга ыраазычылыктарын билдирүүдө. Төмөндө блоггер Joma.kg нин пикирин сунуштайбыз:

Азаматтар, кудай буюрса оор мезгилде өз элиңерге кылган ат көтөргүс, айтып бүткүс жардамыңарды кыргыз эли унутпайт.
Атамбаев бийликтен кеткен күндөн бери Матраимовдордун адресине, үй-бүлөсүнө карата жасалган ар кандай ыплас иштерди ойлоп тапкан эл бузарларга: Азаттык, Ширин, Али, Ыдырыс, Кудрет, Болотторго каршы чыгып, Матраимовдун тарабын талашканым үчүн бул жакта туруп мен сыймыктанып жатам. Матраимовдордой азаматтарды тандап адашпаганыма кудайга миң мертебе шүгүр.
Элге кылып жаткан кайрымдуулук иштер менен катар, ошол эле заматта өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү боло турган эң сонун жөрөлгөлөрдү да көрсөтүп жатышат. Кыргыздардан ушундай элин сүйгөн уул-кыздарыбыз көбөйө берсин.